КРнын Акыйкатчысына 1992-жылы туулган К.А. аттуу кыз жардам сурап кайрылды. Бул тууралуу акыйкатчынын маалымат кызматы билдирди. Арыздануучу кыз балдар үйүндө чоңоюп, акыркы 11 жылдан бери багып алган үй-бүлөдө жашап келе жатканын айткан. Бирок аны 11 жылдан бери өгөй атасы зордуктап келген. 2012-жылдын август айында аны ошол өгөй атасынын жээни да зордуктап салып, боюна бүтүп калган. Бирок бул окуядан кийин жабырлануучу кызды багып алган үй-бүлөнүн жакындары үйдөн кууп чыккан. Кыздын паспорту жок, эч жерде иштебейт. Акыйкатчынын жардамы менен аталган кыз убактылуу камкордукка алынды. Окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоо тууралуу маселе көтөрүлө турганын билдирди Акыйкатчы институту.