Жогорку Кеңеште жаңы депутат Нуркамил Мадалиев ант берди
Бүгүн, 6-февралдагы ЖКнын жыйынында экс-депутат Токон Мамытовдун ордуна депутат болуп каттоодон өткөн Нуркамил Мадалиев расмий түрдө ант берди. Айта кетсек, Токон Мамытов 18-январда КР
Чек ара кызматынын төрагасы болуп дайындалган. Төрага Асылбек
Жээнбеков кыргыз парламентинин жаңы депутаты Нуркамил Мадалиевди жалпы
депутаттардын атынан куттуктоо менен, анын мындан аркы эл өкүлдүк ишине
ийгиликтерди каалады.