Кыргызстанда 21-январдан 4-февралга чейин болуп өткөн кырсыктар 6 миллион сомдук зыян алып келген. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, эки аптанын ичинде 1 жер титирөө, 2 кар көчкү, 1 техногендик мүнөздөгү өрт кырсыгы катталып, аларга сарпталган чыгым 5 миллион 930 миң сомду түздү. Бул аралыкта ӨКМнын куткаруучулары тарабынан 12 адамдын өмүрү сакталып калган.