Бүгүн, 6-февралда Бишкек шаарындагы дааратканага жаңы төрөлгөн ымыркайын таштап кеткен аял кармалды. Биринчи Май райондук ИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган иш боюнча 28 жаштагы бул аял сурак учурунда кылмышын моюнга алды. Учурда ымыркай ооруканага жеткирилип, ал эми аял боюнча тергөө иштери улантылууда.