“2 жаштагы баланы сабап, зордуктады” деп айыпталып жаткан жарандын аялы 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, тиешелүү чечимди Аламүдүн райондук соту чыгарган. Бул убакыт аралыгында тергөө амалдары жүрөт.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-январында шаардагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жарааттар болгон. Мындан улам дарыгерлер баланын сабалып, зордукталганын айтышкан.
Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары 47 жаштагы жаран кармалган. Ал 2 жаштагы баланы сабаганын моюнуна алып, зордуктаганын четке кагууда.