Бүгүн, 20-январда Бишкектеги М.Горький атындагы сейил бакта мусулмандардын тынч митинги өтүүдө. Митингдин катышуучусу, “Республика – Ата Журт” партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев сөз алып, төмөнкүдөй ой бөлүштү: “Бүгүнкү иш-чарага мени эч ким чакырган жок. Болуп жаткан иштерге кайдыгер карабаган мусулман катары өзүм келдим. Эгер биз өз динибизди коргой албасак, башкаларга мазактоого жол берсек, динибизди сүйбөгөн болобуз. Исламга каршы чыккандар мусулмандарды террорчу катары көрсөтүүгө аракет кылышууда. Ислам дини таза, ыйык дин экенин далилдеш үчүн бүгүн биз ушул чогулушка чыктык”.
Кошумчалай кетсек, катышуучулардын сүйлөгөн сөздөрүнөн кийин чогулгандар “Аллаху Акбар” деп жапырт үн кошуп жатышат.