"Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, Садыр Жапаровдун китебиндеги “Кыргызстандан Түркияга 3 тонна алтын чыгарылып кеткен” деген маалымат такталган жок”,- деп билдирди башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмаматов. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары 21-январда Жогорку Кеңеште С.Жапаровдун “Саясатка аралашкан 10 жыл” деген китебиндеги айтылган айыптоолор тууралуу жүргүзүлгөн иликтөө иши тууралуу маалымат берип жатып айтты.
“Садыр Жапаров китебинде 2011-жылы президенттик шайлоо учурунда Түркияга Кыргызстандан гуманитардык жардам жөнөтүлүп жатканда аны менен кошо 3 тонна алтын чыгарылып кеткени боюнча жазыптыр. Жапаровго ошол учурда маалыматты УКМКнын кызматкерлери бериптир, ал Жогорку Кеңештин фракция жетекчилерине жана спикерге айткан. Гуманитардык жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жеткирилмек. Жапаров ошол кездеги министр Болот Борбиевге кайрылганда Борбиев өзүнүн орун басары Кубатбек Боронов алып барарын билдирип, ага кайрылуусун айткан. Ал күнү гуманитардык жардам алып барчу учак учпай калып, эртеси кетиптир. Аны Жапаров көрбөй калган экен”,- деди Бекмаматов.
Алтын тууралуу маалымат 2012-жылы да көтөрүлүп, Садыр Жапаров, Болот Борбиев жана Кубатбек Боронов суракка алынганын кошумчалады. “Китепте айткандарын гана айткан. Болот Борбиев учак менен өзү кошо барганын айтып, бирок анда алтын жок болгонун билдирген. Жүк Түркияга жеткенден кийин Түркия бийлиги менен Кыргызстандын ал жактагы элчиси жана кыргыздардын Түркиядагы топ башчысы Карасанов дегенге өткөрүлүп берилген. Алардан сураганыбызда маалыматты четке кагышты. Учурда 3 тонна алтын боюнча “Центерра” ишканасына кат жиберип, жообун күтүп жатабыз”,- деди Бекмаматов.