Чүй облусундагы Панфилов районунун прокуратурасы аталган райондун Дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн Д.Б. аттуу кызматкерине карата кылмыш ишин козгоду. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган жаран "кызмат абаланынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталууда. Алдын ала айтылган маалыматтарга таянсак, ал Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги тарабынан бөлүнгөн 54 500 сомду өз кызыкчылыгына пайдаланып жиберген. Бул окуя боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жатканы маалым болду.