6-февралда саат 18:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун Сокулук районундагы аймагында жол кырсыгы болуп, жабырлануучу ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Чүй ОИИБи кабарлады. Окуяда аталган жолдо бара жаткан Мерседес-Бенц - 500 улгүсүндөгү унаанын айдоочусу С.Э. жол четиндеги С.Н аттуу жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Денесинен ар кандай жаракат алган жаран аймактык ооруканага жеткирилген. Окуя боюнча учурда Сокулук РИИБи тергөө иштерин жүргүзүүдө.