Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар арасында шахмат боюнча шаардын биринчилиги өттү

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар арасында шахмат боюнча шаардын биринчилиги өттү. Бул тууралуу шаардык мэрияга караштуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгынан бүгүн, 2-майда маалымдашты.

Маалыматка ылайык, медалдар А жана Б деп бөлүнгөн эки тайпада ойнотулган (А - көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген же көзү көрбөгөндөр, Б - угуу мүмкүнчүлүгү чектелгендер же угуу мүмкүнчүлүгүн толук жоготкондор). Бул өткөрүлгөн турнирдин максаты - жеңүүчүлөрдү бүткүл республикалык турнирге тандап алуу болгон.

А тайпасында балдар арасында Курманбай уулу Замир жеңүүчү деп табылса, кыздар арасында Кенжебек кызы Айжан жеңүүчү аталган.

Ал эми Б тайпасынын жеңүүчүлөрү болуп Нуртилек Мамажусупов жана Сабина Карыбекова табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан