Дүйнө подиумдарын багынткан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (фото)

Убакыттын өтүшү менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата коомчулуктун мамилеси жакшы жакка өзгөрүп баратат. Башкача айтканда, кабыл алына турган адамдар үчүн атайын стандарттары бар кинодо, сахнада, мода дүйнөсүндө же башка тармактарда мындай адамдарды көбүрөөк көрө баштадык. Быйыл февраль айында Лондондо өткөн мода жумалыгына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген моделдер катышкан.

Алардын бири 26 жаштагы британиялык дефиле жылдызы Жек Эйрс фитнес-инструктор болуп иштейт. Ал 16 жашында бир бутунан айрылган.

Британиялык 29 жаштагы ырчы, фотомодель Виктория Модеста бутунун протезин өзүнүн "фишкасы" деп эсептейт.

Кийинки сүрөттөгү модель - жыгачтан жасалган, такасы 15 сантиметрлик өтүк кийген Эйми Маллинз. Мода көргөзмөсүнө келгендердин көбү анын бут кийиминин протез экенин билишпейт. Эйми Маллинз бир жашка чыкканда эки бутунун тизеден ылдый жагын ампутациялашкан.

25 жаштагы Анастасия Аброскина шал оорусу менен ооруган Орусиядагы алгачкы модель деп саналат. Сүрөтчүлүк өнөрү бар Анастасия Орусиянын ат спорту боюнча паралимпиадалык оюндарынын 6 жолку чемпиону аталган. 16 жашында өзүнүн сүрөттөрүн моделдик агенттиктерге жибере баштап, 2012-жылы подиумдагы дебютун жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Abdusamat.kg
2017-05-08 22:52:46
Анан кантип дене-мүчөлөрүм соо туруп жашоого наалыйын
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан