Бүгүн, 10-августта Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевди мамлекеттик тил сынагына катыштыруу маселесин карады.
Бул маселе боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Бүгүн жумушчу топтун көпчүлүгү Текебаевди тил сынагына катыштыруу боюнча анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн арызын канааттандырган эмес. Бул топтун чечими БШКда добушка коюлуп, 9 мүчөсү “макул” деп, 3өөсү (Назарали Арипов, Гүлнара Журабаева, Атыр Абдрахматова) “каршы” деп добуш берди. Жыйынтыгында Текебаев тил сынагына катышпай турган болду.
БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева мындай чечимге нааразы болуп, көзүнө жаш алды.
Эске салсак, 8-августта Жогорку Сот президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевди тил сынагына катыштыруу боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимин күчүндө калтырган. "Ата Мекен" партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова "Бишкек шаарынын райондор аралык соту Борбордук шайлоо комиссиясын Өмүрбек Текебаевди мамлекеттик тил сынагына катыштыруу маселесин кароону милдеттендирди" деп билдирген болчу. БШК "Сот Текебаевди тил сынагына катыштыруу маселесин кароого милдеттендирген жок. Болгону "БШК аракет көргөн эмес" деп тапты" деп билдирүү тараткан.