Жогорку Кеңеште Өмүрбек Текебаевдин ордуна келген жаңы депутат Искандер Гайпкулов ант берди

Бүгүн, 21-декабрда "Ата Мекен" фракциясына жаңы депутат болуп келген Искандер Гайпкулов Жогорку Кеңеште ант берди.

"Жогорку Кеңештин депутаты болуп жатып Кыргыз Республикасына берилгендигимди билдирип, мыйзамдарды так аткарууга ант берем", - деди Гайпкулов. Аны вице-спикер Асел Кодуранова куттуктап, ишине ийгилик каалады.

15-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин мандатын Искандер Гайпкуловго тапшырган.

Белгилей кетсек, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимде 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми 2-октябрда Бишкек шаардык соту 21-ноябрда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. БШК Текебаевди 1-ноябрда мандатынан ажыратуу чечимин кабыл алган.

Искандер Гайпкулов 1966-жылы 25-мартта Араван районунун Мангыт айылында туулган. Ал Казак мамлекеттик академиясынын каржы жана насыя адистиги боюнча бүтүргөн.

1984-жылы Араван районунун каржы бөлүмүнүн инспектору;

1986-1990-жылдары Ош облусунун каржы башкармалыгынын ревизор-инспектору;

1990-1991-жылдары Ош облусунун Мамлекеттик салык инспекциясынын башкы инспектору;

1991-1992-жылдары Жалал-Абад облусунун Мамлекеттик салык инспекциясынын бөлүмүнүн башчысы;.

1992-1993-жылдары Ош облусунун Мамлекеттик салык инспекциясынын башчысынын орун басары;

1993-1996-жылдары Араван районунун Мамлекеттик салык инспекциясынын башчысы;

1996-1999-жылдары Ош облусунун Мамлекеттик салык инспекциясынын башчысы;

1999-жылы президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары;

1999-2002-жылдары Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы;

2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты;

2007-2009-жылдары Эсептөө палатасынын төрагасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан