ИИМ: "Ноокенде эки адам 450 килограммдан ашуун күкүрт кислотасы менен кармалды"

Ноокенде эки адам 450 килограммдан ашуун күкүрт кислотасы менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Ноокен РИИБинин кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзгөн. Анын натыйжасында Ноокен районунун эки тургунунун үйүнөн баңгизаттарды, эс-тутумга таасир этүүчү каражаттарды даярдоого колдонулган күкүрт кислотасын табышкан.

Ошондой эле басма сөз кызматынан бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатканын да кабарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан