Арча, кайың күйүп жатат. "Ала-Арча" эс алуу жайындагы өрткө 332 өрт өчүрүүчү тартылды

Бүгүн, 31-августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы "Ала-Арча" эс алуу жайынан өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, ал жакта тоонун боорундагы кургак чөптөн өрт чыккан. Учурда тоодогу өрттү өчүрүүгө 332 куткаруучу тартылган.

"Мындан сырткары Токой чарбасынан 15 адам, айыл аймактан 40 адам, Башкы штабдын Улуттук Гвардиясынан 50 жоокер тартылган. Учурда өрттүн жайылып кетүү коркунучу жок жана өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Өрттүн кесепетинен күйгөн аянт болжол менен 25-30 гектарды түзөт. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.

Өрт тууралуу маалымат ӨКМге саат 14:55 чамасында келип түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Skarlett-Skarlett
2019-08-31 22:54:28
Ким орттосо онбой калсын!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан