Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында күйөөсү бензин чачып, өрт коюп жиберген келинге SUPER.KG порталы байланышканда Сатина Бабаканова окуяны мындайча айтып берди.
"Мен жолдошум менен бир ай мурун ажырашкам. Чогуу жашаганыбызга 2 жыл болгон, күйөөм талагын да берген. Бирок ал мени кызганып, "өлтүрөм" деп эле жүргөн. Милицияга кайрылсам, эч нерсе кыла албайбыз дешти. Мен Караколдогу базарда бирдик салып, кичинекей күркөдө иштейм. Окуя болгон күнү саат 15:30 чамасында күйөөм мас абалында келип, күркөмдүн эшигин бекитип туруп, бензин чачып, өрт койду. Мен ал жактан чыга албай жатып колу-бутум күйүп кетти. Терезеден араң чыктым. Өзүмдүн 2-класста окуган кызым бар", - деди ал
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жолдошу жубайына бензин чачып, өрт коюп жиберген. Анда келиндин манжалары, бети жана буту күйгөн. Окуя 4-январь күнү болгон. Учурда келиндин жарандык никедеги күйөөсү кармалып, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган.