"Көзүнө жаш алып". Белгилүү актриса Мерьем Узерли Нурайым Азыкбаеванын ырына таасирленгенин жазды

Белгилүү немис-түрк актрисасы Мерьем Узерли Кыргыз өлкөсүнө жасаган сапарында мейманканалардын биринде ырчы Нурайым Азыкбаеванын ырына таасирленип, көзүнө жаш алды. Актриса андагы эмоциясын чагылдырган видеону өзүнүн Инстаграм баракчасына жарыялады.

"Урматтуу Нурайым Азыкбаева! Сиздин энергияңыз, аткаруу чеберчилигиңиз, мукам үнүңүз жана ырыңыз, бизди тосуп алган сүйүүңүз, биз үчүн ырдаганыңыз мага терең таасир калтырды. Мага ушундай нерсени сезе билүүгө мүмкүнчүлүк бергениңиз үчүн рахмат айтам. Сиз керемет ырчысыз!", - деп жазып калтырган.

Эске салсак, Мерьем Узерли көпчүлүккө "Даңазалуу доор" түрк сериалындагы Хюррем султандын образы менен таанымал. Ал 6-сентябрь күнү Кыргыз өлкөсүнө Азиялык эл аралык кинофестивалдын (Asian World Film Festival) чакыруусу боюнча жаӊы эл аралык долбоорду презентациялоо үчүн келип кеткен.

Мерьем Узерли Нурайым Азыкбаеванын ырына таасирленди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Akjol18
2021-09-09 15:15:27
Н.Азыкбаевага чыгармачылык ийгилик.
Башкаларчылап(аткаминер,депутат,ырчы,режиссерлор)жагынып нары жак,бери жагына өтүп жүрбөй талантың менен Кыргыздын күүсүн жүрөгүнөн орун алдырыпсың.
Бали азамат,талантыңа таазим.
+5
KG-312
2021-09-09 15:22:28
Миляяя ушул жарым жылаңачыңар бүтпөй эле койдуго надоел!!!!!
-7
alimbek94
2021-09-09 16:29:39
Мерьем абдан суктанчуу эле айым экен.
+3
alimbek94
2021-09-09 16:37:56
Аял эч нерсеге карабай жашоосун өзү каалагандай өткөрүшү керек, болбосо такыр жашабагандай болуп өмүрү өтүп кетет.
0
Gulnur1985
2021-09-10 03:43:41
Жанындагы аял ким, аябай эле башкача го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан