Кант шаарында электр мамысына чыккан электрикти жүк ташуучу унаа сүйрөп кетип, ал каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кырсык 23-июль күнү болгон. Анда тез тамактануучу жайга электр жарыгын киргизүүнү көздөгөн Н.А аттуу жаран кур байланып мамыга чыккан. Ошол учурда жүк ташуучу унаа өтүп бара жатып зымдын экинчи учун илип кетип, электрикти мамыдан кулаткан. Ал алган жаракатынан улам каза болгон.
Бул факты электрондук китепчеге катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда бул окуя боюча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.