"Парламентте көпчүлүктү түзгөн коалиция таркабаса, "Кумтөр" маселеси чечилбейт" деди Бакыт Төрөбаев

Бүгүн, 9-апрелдеги Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев:Бүгүнкү парламент коалициялык кризисте экени даана көрүнүп турат”,- деп билдирди. Депутат өз сөзүндө көпчүлүктү түзгөн коалициянын "Кумтөр" боюнча бирдиктүү позициясы жок экенин, ал тургай коалициялык көпчүлүк бул маселени талкуулаганга чогулбаганын белгиледи.  

Төрөбаевдин айтымында, көпчүлүк коалиция жоопкерчиликтен качпай, өкмөттү отставкага кетирип же көпчүлүк коалициянын курамын өзгөртүшү зарыл экенин айтты. "Өкмөт парламенттин токтомун аткара алган жок. Биз эки жылдан бери "Кумтөр" маселесин чече албай келебиз. Эгер азыркы коалициялык көпчүлүктү алмаштырбасак, бул маселени чече албайбыз”,- деди Б.Төрөбаев.    


кошулду
Бакыт Төрөбаев "Кумтөр" маселеси боюнча
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
hairullo
2015-04-10 08:47:10
эн жакшысы, Кумторду жаап, келечектеги муундарга калтырып кетиш керек, биз иштете албасак, алар иштетет Алтынды 100% Кыргызстанга тушо турган кылып. Чондордун мээси айнып калыптыр озу, алтынды жат бироого каздырып эмне кылат дейм да, оозубуздагы жемди алдырып, иштете албаса, тийбей еле койсун, иштете ала турган болгонуьузда иштетебиз.
+2
jaazira13
2015-04-11 18:12:15
барыле бир заматта эксперт кыйын тарыхчы экономист болуп кетишет, бу парданын артында кадимки кыргыз популизм жашынып отурат
-1
salt56
2015-04-16 10:40:26
jaazira13, Кайсы партия ушундай иштерди жасаптыр??? Отурат го ЖЕПУТАТТАР биз токкон налогдорду жеп-жутуп!
0
advert
2015-04-13 09:32:05
Ушул партия жакшы иштеп жатат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан