Өлкөбүздөгү эң узун бойлуу адам Жеңишбек Райымбаев 1 ай мурун бутун кестирип, учурда баса албай калды. Жеңишбектин жакын досу Нурлан Алишеров бүгүн, 4-майда SUPER.KG порталына кабарлагандай, ага дарыгерлер баса албагандар отуруучу арабаны сунушташкан. Азыр бул арабаны жана дарыгер жазып берген дарыларды алганга каражат чогултулуп жатат. Жеңишбек мырзанын өзү туулуп-өскөн Ак-Талаа районуна кеткени маалым болду.
"Мындан 4 ай мурун Жеңишбек буту ооруп, балдак менен басып калган. Орусиялык дарыгерлер текшерип, кургак учук оорусунун башталгыч белгилери бар экенин айтышкан. Кийин дарыланып жүрүп жыгылып, сол бутун кокустатып алды. Анан операция жасалып, дарыгерлер сол бутун жоон санынан кесишти. Эми дары-дармегине жана башка муктаждыктарына каражат топтоп жатабыз",- деди Н.Алишеров.