Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев кыргыз мамлекетиндеги айымдарды Энелер күнү менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:
"Урматтуу улут уңгусу болгон энелер!
Сиздер бар үчүн улуу тоолор сакталып, кыргыз улуту жашап жатат. Мөңгү суусундай тунук пейилиңиздер, күн нурундай мээримиңиздер, айкөлдүк асыл сапатыңыздар, нарк-насилиңиздер менен мекен уюткусу болуп келесиздер. Каныкей жана Курманжан энелерибиз акыл менен журт биримдигин ширетип келишкен, андыктан үй-бүлө бактысы, саламаттыгы, тынчтыгы да сиздер аркылуу болмокчу. Акылман бабалар бекеринен "бейиш эненин таманында" дешпегендир. Эне мээримине, аруулугуна эч нерсе тең келе албас, анткени эне адамзаттын башына түшкөн кыйынчылыкты жер сыяктуу кебелбей көтөрөт. Тоскоолдуктарда ташты да таптап өтүүгө, бийик аскалардай максаттарды жирөөгө шыктандырып, тамырыбызга, каныбызга күч-кубат бересиздер.
Эл ичиндеги пейили ак жоолугундай касиеттүү, кутман энелерибиз, сиздерге дөөлөттүү карылык, бекем ден соолук каалайм. Үй-бүлө, улут түркүгү үчүн аман болуп, коломтобуздун куту катары төрүбүздө жүрүңүздөр!
Сиздер бар мекен түзүлүп, сиздер бар улут жашайт!"
Терең урматтоо менен КР ЖКнын депутаты, "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын төрагасы Төрөбаев Бакыт Эргешевич.