“Ата Мекен” социалисттик партиясы “Аалам” партиясынын лидеринин жана өкүлдөрүнүн үстүнөн доо арыз жазат

“Ата Мекен” социалисттик партиясы “Аалам” партиясынын өкүлдөрүнүн жана лидери А.К.Малиевдин үстүнөн тиешелүү органдарга доо арыз жазат. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда партиянын басма сөз кызматынан билдиришти.

“2015-жылдын башынан бери “Аалам” партиясынын лидери жана партиянын өкүлдөрү “Ата Мекен” партиясы тууралуу такталбаган маалыматтарды таратышууда. Бул нерсе “Ата Мекен” партиясынын аброюна шек келтирип жатат. “Аалам” “Ата Мекен” партиясын каралоо үчүн атайын баракчаларды чыгарып, маалымат жыйындарын өткөрүүдө. Ал үчүн 10 миңдеген доллар акча каражатын сарпташат. Жогоруда айтылгандарга ылайык, “Ата Мекен” бул боюнча сот органдарына доо арыз жазуу чечимин кабыл алды”,- деп айтылат маалыматта.  


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Rifle
2015-06-04 14:23:36
арыздашып отурсанар, Кыргызстанды ар жактан жеп бутот. Биримдикке келгиле.
+3
Medina87
2015-06-04 15:12:32
Партиялардын ортосу арыз-дооматтын очогу деп ойлоп койдум. Эх, коро албастык..
0
kubat_1973
2015-06-04 15:25:31
Аа де Малиев алына ченеп иш кылса болмок экен тийишчу кишиге тийишпей тамсилдеги пилге ургон кандектей эле болгон тура.Эми Малиев деген фамилияны Аалам партиясы тугул 18 мин ааламдан таппай калаар бекенбиз кудай уруп.
+2
SULUU-KYZ
2015-06-04 15:44:27
zato ozun piarlap aldy)))
0
edu.kg.
2015-06-04 15:50:23
Кузго чейин мындай соттошуу,пиар жабуу,дегендер дагы далаай жолу болот. Жон эле ошончо акча коротуп пиар жабуу зериккен адамдын иши эмес деп ойлом,бир нерсеси болгон учун ошол кадамга барып жатышат да аалам партиясы. Эгер соттошсо баарибир ата мекен утат бийлик азырынча ошолордо.
0
BiTiSHKa
2015-06-04 21:44:10
Уялбагандан өзүң уял деген сөз бар. Малиев шайлоо фондуна кошкон 50000 акчасын шайлоочуларына жумшап, "Ата Мекен" партиясынан акча доолап жатканына жол болсун! Тизмеге 34 болуп кирип өтпөй калса "Ата Мекен" күнөөлү эмес да. Малиев 1 миллион 200 миң сомду "Ата Мекен" партиясын каралоо үчүн гезит чыгарып, таратууга 800 миң сом кыргыз почтасына төлөп бергенин гезиттен окудум. Ошентип жок 50 миң долларды кайтарам деп 100 миң доллар сарптаган Малиевке шыкак берип жаткандар маалым болуп калды.
0
Sadyrov_n93
2015-06-04 23:32:31
Жооп берсин да жалган маалымат таркатса.
0
basyz-kaman.
2015-06-05 00:35:03
"Аалам" партиясы ажыдаардын куйругун басыптыр...
0
Shah
2015-06-05 10:04:32
"Аалам" партиясы улактын куйругун басыптыр.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан