Саламаттык сактоо министри: "Үч эм төрөгөн эне бара турган жери жок, ыйлап отурат"

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын 5-июндагы жыйынында саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев бүгүн Бишкекте үч эм төрөгөн айым Камчыбек кызы Бактыгүл жардамга муктаж экенин айтып чыкты. Министрдин айтымында, Камчыбек кызы Бактыгүл Нарынга турмушка чыгып, кош бойлуу учурунда жолдошу менен ажырашып кеткен. Андан кийин кайын журту кабыл албай, Бишкекке келген. Борбордо өзүнүн туугандары жок болгондуктан, мечиттердин биринде баш калкалап келген. 

"Ал аялдын бара турган жери жок, ыйлап отурат. "Бир нече эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө мынча акча берели" деп тиешелүү мекемелерди милдеттендирбесек болбойт",- деп демилгеледи министр.

Айта кетсек, бүгүн Бишкектеги №6-төрөт үйүндө Камчыбек кызы Бактыгүл үч эмди (эки кыз, бир уул) жарыкка алып келди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан