15-октябрдан тарта Бишкектин борбордук көчөлөрү айдоочулар үчүн бир тараптуу болду. Алар:
Киев көчөсү: Жаш Гвардия бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейин чыгышты көздөй;
Москва көчөсү: Жаш Гвардия бульварынан Ибраимов көчөсүнө чейин чыгышты көздөй;
Токтогул көчөсү: Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардияга чейин батышты көздөй;
Бөкөнбаев көчөсү: Ибраимов көчөсүнөн Кулиев көчөсүнө чейин батышты көздөй.
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жаңы өзгөрүүлөр ишке киргенден кийин Чүй кең көчөсү боюнча кечинде жүрүүгө болгон тыюулар алынат. Аталган көчөлөр айдоочулар үчүн бир тараптууга айланат, ал эми коомдук унаа эки тараптуу жүрөт.