Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы абактан качкан кылмышкерлер өлтүргөн кызматкерлердин аты-жөндөрү аныкталды. Бул тууралуу 12-октябрда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Кызмат учурунда кылмышкерлердин колунан каза тапкандар:
- Таалайбек Өмүрзаков, 1969-жылы Жалал-Абад облусунда туулган. Жаза аткаруу кызматында 2007-жылдан баштап эмгектенип келген. Артында аялы жана төрт баласы калды.
- Туратбек Садыбакасов, 1978-жылы Балыкчы шаарында туулган. Жаза аткаруу кызматында 2007-жылдан бери иштеп келген. Артында аялы жана эки баласы калды.
- Орозбек уулу Фархат, 1990-жылы Нарын облусунун, Ак-Талаа районунда туулган. Жаза аткаруу кызматында 2010-жылдан тартып эмгектенип келген. Артында аялы жана беш айлык баласы калды.
Оор жаракат алган Тилек Абылгазиев 1972-жылы Нарын шаарында туулган. Жаза аткаруу кызматында 1998-жылдан бери иштеп келген. Үй-бүлөлүү, үч уулу бар.
Эске салсак, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кетүүгө аракет жасаган. Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан 5 кылмышкер колго түшүрүлгөн, дагы 4 кылмышкер изделип жатат.