Бүгүн, 26-ноябрда Бишкек шаарында дин маселелери боюнча адис Кадыр Маликов белгисиз адам менен чырдаша кетип, бычактан жаракат алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык милициясынын башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, окуя саат 20:00 чамасында Асанбай кичи районунда орун алды. "Маликов автоунаасы менен унаа токтотуучу жайдан чыгып бараткан. Ага тоскоолдук жараткан унаага үн сигналын бергенде, айдоочу баш бербей койгон. Андан соң алардын ортосунда чыр чыгып, айдоочу Маликовго карата бычак колдонгон. Жыйынтыгында Маликов бетинен жаракат алган. Анын абалы туруктуу. Учурда ооруканада медициналык жардам алууда. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышты. Маликовго кол салуу анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу эмес. Учурда кылмышка шектүү жаран изделүүдө",- дешти мекемеден.
Айта кетсек, ислам динине арналган тегерек столдордун биринде Кадыр Маликов “Ирак жана Левант мамлекети” кыймылы демократияга жана адилеттикке ишеничин жоготуп алган жаштарга багытталган” деген пикирин айткан. Эртең, 27-ноябрда ал "Террорчулук менен күрөшүүдө мамлекет эмне кылышы керек?" деген темага арналган маалымат жыйынын өткөрмөк.