Жол-кайгуул кызматы 10дон ашуун баланы Хундай Портер үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен тойго алып баруу боюнча "ЭЛДИК КАБАРга" жооп берди.
Мекеменин басма сөз катчысы Тилек Оторовдун айтымында, аталган унаанын айдоочусу Жол эрежелеринин 22-пунктун (адам ташуу) бузду. "Эгер Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору бул унааны токтотуп калса, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айдоочуга административдик протокол түзүшмөк. Ал эми балдар унаанын жүк салуучу бөлүгүнөн түшүрүлмөк. Мыйзамга ылайык, айдоочуга болжол менен 3 миң сом айып пул салынмак",- деди Оторов.
Айта кетсек, бүгүн, 23-ноябрда саат 12:30 чамасында окурман жүк ташуучу унаада бараткан ондон ашуун жаш баланы байкап, SUPER.KG порталына ЭЛДИК КАБАР жөнөткөн.