7-февралда футбол боюнча өлкө чемпиону "Алай" клубунун курамы Азия футбол конфедерациясынын Кубогунун тандоо туруна катышуу үчүн Ливанга жөнөп кетти. Команда Стамбул шаары аркылуу жөнөп кеткенин аталган клубдан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, команда 9-февралда ливандык "Триполи" клубу менен кез келет. Бул беттеште жеңген команда мелдештин тайпалык баскычына жолдомо алат. Беттешке 9-февралда Бишкек сааты боюнча 17:45те старт берилет.
"Алайдын" тандоо туруна катыша турган курамы:
Дарбазачылар: Вахиджан Акбаралиев, Калыс Акималиев, Валерий Кашуба;
Коргоочулар: Ильяз Алимов, Айбек Азизбек уулу, Улугбек Муминов, Тимур Султанов, Нурбек Жолдошев, Шухрат Рахманов, Нурсултан Атамурзаев;
Жарым коргоочулар: Одилжон Абдурахманов, Муролимжон Ахмедов, Аброр Кыдыралиев, Бакыт Маматов, Алмаз Сматов;
Чабуулчулар: Алиа Силла, Владимир Верёвкин, Турсунали Рустамов.