Бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өкмөт кыргыз-өзбек чек арасы жана Үңкүр-Тоо боюнча маселелер тууралуу маалымат берүүдө. Депутаттар добуш берүү аркылуу жыйынды жабык эшиктин артында өткөрүүнү чечишти: 90 депутат "макул", 4 депутат "каршы" деп добуш берди.
Аталган жыйында премьер-министр Темир Сариев, өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн башчылары кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат беришмекчи. Мындан тышкары Үңкүр-Тоого байланыштуу маалымат да берилет.
Айта кетсек, журналисттердин баарын сыртка чыгарып жатышканда күзөт кызматы ээси жок диктофонду таап алды. Азырка тапта бул жабдуу кимге таандык экени аныктала элек.