Бишкекте 30 жаштагы жаранды атып кеткендердин унаасы Аламүдүн районунан табылды

Бишкекте кечээ, 5-апрелде Чүй кең көчөсү менен Шабдан баатыр көчөсүнүн кесилишинен 30 жаштагы жаранды атып кеткендердин унаасы табылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга "жаранды атып кетти" деген маалымат окуя болгондон 30 мүнөттөн кийин гана түшкөн. Ал билдирүүнү окуя болгон жердеги таксисттердин бири билдирген. Аталган дарекке келген патрулдук милициянын кызматкерлери күбөлөрдү сурап, ок чыгаргандар күмүш түстүү Субару Аутбек үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру Е 9369 С) унаада болгонун аныкташкан. Төшүнө жана колуна ок тийген 1986-жылы туулган Асылбек Д. ооруканага жеткирилген.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында ок чыгарып, изин жашырып кеткендердин унаасы Аламүдүн районундагы Чокморов айылынан табылган. Учурда кылмышка шектүүлөрдү издөө иштери улантылууда.

Эскерте кетсек, кечээ саат 18:35 чамасында көчөдө бараткан эки адамды көздөй белгисиз жарандар ок чыгарышкан. Алардын бири окуя болгон жерден качып кетсе, экинчисине 2 ок тийип, ал ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gamze90
2016-04-06 13:42:16
Emi owondo kochogo da chykpai turgan boldukpu?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан