Япониялык компаниялардын бири медайымдын кызматын аткарган "Hospi" аталышындагы роботту жасап чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, "Hospi" аталышындагы роботту медайымдын деңгээлине жеткирүүгө компаниянын 12 жыл убактысы сарпталган. Роботтор медициналык борборлорго мурда эле алынып келип, өз кызматтарын көрсөтүп жатышкан, бирок алар адамдар менен байланышта иштеген эмес. Жаңы үлгүдөгү "робот медайымдар" оор абалда төшөктө жаткан бейтаптардын башын жууп, массаж жасоо менен бирге медициналык жардам бере турган функцияларга ээ. Алар Wi-Fi аркылуу иштеп, лифтке өз алдынча түшүп, керектүү жолдорду табууга жөндөмдүү.
Медайымдын кызматын аткарган "Hospi" сыноодон ийгиликтүү өтүп, "иштөөгө жөндөмдүү" деген сертификат берилди. Жакынкы арада аталган робот Япониянын жана башка мамлекеттин ооруканаларында кызмат кыла турганы маалыматта айтылат.