Жол кырсыгына кабылып, баса албай калган 29 жаштагы Абдыкалык Маматовго байланышкан соттук отурум кийинкиге калтырылды. Бул тууралуу Абдыкалык Маматов өзү 20-июнда SUPER.KG'ге билдирди.
Анын айтымында, отурумга күбө катары чакырылган "Айгүн Иншаат" курулуш компаниясынын башчысы Айгүн Раюф, "Ала-Тоо", "Кайнар", "Барашек" ресторандарынын кожоюну Бакыт Ишенбек уулу жана Асел Алиева келбей калды.
"Буга чейин ооруканада жатканымда мага айыпталып жаткан тараптын Рустам аттуу жактоочусу келип, "биз сага 500 миң сом акча беребиз, сен бизге тосмо арыз жазып бер" деп айткан. Эми ал акчадан дагы дайын жок", - деп билдирди Абдыкалык Маматов.
"Сотко менин майып болуп, баспай калышыма айыпталып жаткан айдоочу В.Кравченко жана алардын жактоочусу катышууда. Бирок күбө катарында суралуучулар келбей жатышат. Менин түшүнүгүм боюнча, соттук процессти атайын создуктуруп жатышат, анткени алар иштин кыскарышын каалашат", - деп кошумчалады Маматов.