Мадыл 1975-жылы Кызыл китепке кирип, сейрек кездешүүчү жандык катары коргоого алынган. Бул жандыкты кармоого, ага аңчылык кылууга тыюу салынган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз катчысы Салайдин Камалдинов билдирди.
Анын айтымында, мадылды өлтүргөндөргө 25 миң сом өлчөмүндөгү айып пул каралган.
Кошумчалай кетсек, окурман SUPER.KG порталына Кочкор районунун Дөң-Алыш айылынан алыс эмес Мадияр жайлоосунан жергиликтүү чабандар мадылдын баласын кармап алышканын кабарлаган. Окурман олжо ээлери колго түшкөн мадылды катытууну пландап жатышканын жашырган эмес.
Акыркы алынган маалыматтарга караганда, өлкө боюнча мадылдардын саны 80ди түзөт.
Маалымат үчүн: Мадыл - мышыктар уруусундагы сүт эмүүчү. Денесинин узундугу 50 сантиметрге жетет, куйругу 21-31 сантиметрди түзөт. Өлкөнүн түндүк аймагында, Ысык-Көл, Чүй, Тянь-Шань тоолорунда: Үзөңгү-Кууш, Сары-Жаз, Ак-Шыйракта жана башка жерлерде өткөн кылымда кенен таралган. Мадыл токойсуз, бадалсыз, ачык жерлерди, тоонун сырттарын, тоо бетиндеги шагыл таштар, аскалардын жаракаларын мекендейт. Бул жандыктын көбүрөөк жолуккан жерлери - кемирүүчүлөрдүн топ-топ болуп жашаган жерлери. Мадыл суур ийининде жашайт. Ал сейрек кездешет, андыктан 1975-жылдан тартып Кызыл китепке киргизилген жана коргоого алынган.