Борбор калаадагы үйлөрдүн бирин тоноого кирген белгисиз 4 жаран үй ээсин жана 2 уулун бычактап, изин жашырып кетти

Борбор калаадагы үйлөрдүн бирин тоноого кирген белгисиз 4 жаран үй ээсин жана 2 уулун бычактап, изин жашырып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда SUPER.KG порталына күч органдарындагы ишенимдүү булактар билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 6-июль күнү таңкы саат 04:30 чамасында борбордогу Тынчтык жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде орун алган. Анда К.Ү. аттуу үй ээси намаз окууга даярданып жаткан учурда үйүнүн 1-кабатынан бирөөлөрдүн үндөрүн уккан. Бөлмөсүнөн чыккан үй ээси 2-кабатка чыгуучу тепкичтен беттерине медициналык бет кап кийген, болжол менен 20-25 жаштар чамасындагы белгисиз 4 жаранды көргөн. Үйдү тоноого киргендер үй ээси менен мушташып, аны бычактап. Кийин өз бөлмөлөрүнөн жардамга чуркап чыккан 26 жана 21 жаштагы уулдарын бир нече жолу бычактап, изин жашырып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Учурда жабырлануучулар ооруканада, бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөрдү издөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Nurkyz1977
2016-07-07 11:07:33
Аллахым озун сакта эмне болуп баратат адамзат? Сактайгор
+6
Nurdash
2016-07-07 11:10:39
Аллахым жазанарды берсин!
+5
boston___
2016-07-07 11:15:29
Ак эмгек менен багуу керек бала баксанда мындай иттерди жок кылуу керек омур бою камап
+2
gulnur.narmatova
2016-07-07 11:55:29
Жыргап кетмек беле жазаларын созсуз алышат
+3
daniyar84
2016-07-07 12:07:05
Олум жазасын бериш керек аларга
+2
Karataev.kg
2016-07-07 14:15:59
Аллахым озун сактай кор!
+2
avaz-t02
2016-07-07 21:18:17
Жакшы аман калышыптыр Аллахка шугур! Созсуз таап жазасын бергиле, арам тамактардын!
0
Futuro
2016-07-07 22:26:26
Үйүң эки этажбы? Иштеген ишиң барбы?
Бактылуусуңбу? Все сени аңдыган айбандар бар.
0
SHAHDAR
2016-07-08 00:06:24
ХХХ ХХХ ХХХ
Жаман кыжырым кайнап турат. ХХХ адам баласынын омуру ушунчалык арзан болуп калган экен да.
0
admin_portal
2016-07-08 12:52:57
SHAHDAR, этика нормаларын сактаңыз!
0
Aselya_9105
2016-07-08 01:38:58
Жашоо да коркунучтуу болуп калды. Качан мени да чаап, тоноп кетет деген ой кээде жүрөк түшүрөт. Эх, качан оңолобуз.?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан