Кыргыз жерине Германиянын канцлери Ангела Меркель келет

Президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен Кыргыз Республикасына Германиянын канцлери Ангела Меркель иш сапары менен келет. Анын сапары 13-14-июлга пландалганын президенттик аппараттан билдиришти.

Иш сапардын алкагында Алмазбек Атамбаев менен Ангела Меркель жолугушуп, кыргыз-герман кызматташтыгын талкуулашат. Ошондой эле лидерлер эл аралык жана аймактык маселелер боюнча да пикир алышмакчы. Жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев менен Ангела Меркель биргеликте маалымат жыйын өткөрүшөт.

Андан сырткары Меркель Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан