Бишкектеги аскердик лицейдин 69 курсанты мындан 3 күн мурун лицейден качып кеткени тууралуу 10-августта SUPER.KG'ге жеке булактардан маалымат түшкөн. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз кызматы мындай окуя орун алгандыгын 11-августта ырастады. "Бирок 69 курсант качкан эмес, лицейдин тарбиячы-офицери аларды бир эле убакта эс алууга жиберип салган. Курсанттар да белгиленген убакыттан кечигип келишкен. Баарын эс алууга жиберип салгандыгы үчүн тарбиячы-офицерге карата териштирүү жүрүп жатат", - деп билдиришти мекемеден.