Кочкор районунун Исакеев айылында жергиликтүү жашоочу казып салган жолдогу дөңсөө оңдоло элек. Маалыматты 18-августта аталган айылдын тургундарынын бири тастыктады. Айтылгандарга таянсак, жолчулар Исакеев көчөсүндөгү жол чуңкурларын жамап кетишти, бирок коопсуздук үчүн коюлган дөңсөөнүн бузулган тарабы оңдолбогон боюнча калды. Аталган айылды карамагына алган Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Исраилов SUPER.KG порталына бул боюнча кабардар эмес экенин, маселени тактап, кошумча маалымат берерин билдирди.
Эскерте кетсек, Кочкор районунун Исакеев айылындагы Исакеев көчөсүнө коопсуздук үчүн коюлган жол дөңсөөлөрүн айыл тургуну өзүм билемдик менен казып салганын 6-августта жергиликтүү тургун маалымдаган. Мындан кийин айыл өкмөт башчысы казылган дөңсөө 3 күндүн ичинде оңдолорун убадалаган эле.