Өлкөнүн түштүгүндө ВИЧ-инфекциясынын жыныстык жол менен жугуусу өсүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова билдирди.
"Өлкөнүн түштүгүндө ВИЧ-инфекциясынын жыныстык жол менен жугуусу өсүүдө. Ал эми медицина кызматкерлери элдин бул тууралуу маалыматы аздыгын айтып даттанышууда. 50 пайыздан ашууну кокусунан болгон байланыштар экен. Эл коопсуз жыныстык катнашты олуттуу кабыл албай жатат. Ошондой эле элге түшүндүрүү иштери да жүргүзүлбөй келет", - деди Е.Баялинова.
Анын билдиришинче, өлкөдө жалпы 6730 ВИЧ-инфекциясы катталган учур аныкталган. Анын ичинен Ош облусунда – 1227 (262 каза болгон), Ош шаары боюнча – 991 (283ү каза болгон), Жалал-Абад облусунда – 754 (175и каза болгон), ал эми Баткен облусунда – 165 (39у каза болгон).
Бул расмий каттоого турган адамдардын саны гана, катталбаган адамдарды кошкондо мындан да көп болушу мүмкүн.