400 жергиликтүү жана 21 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо ноябрь айынын соңуна пландаштырылууда

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Ага биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев катышты.

Кеңешмеде алдыдагы шайлоолорду уюштуруу, андагы мыйзамдуулуктун сакталышы, шайлоочулардын тизмесин тактоо, БШК, МКК жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенишүүсүн күчтөндүрүү, ошондой эле шайлоолорду өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыздоо маселелери талкууланды.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиктин директору Бакыт Рыспаев өлкөнүн шайлоо мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоонун датасы президенттин жарлыгы менен аныкталарын эскертти.

400 жергиликтүү жана 21 шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо ушул жылдын ноябрь айынын соңуна пландаштырылууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилери жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого карата жүрүп жаткан даярдыктар тууралуу маалымат беришти.

Өкмөт башчысы белгилегендей, алдыда боло турган шайлоо, шайлоо мыйзамдарынын бардык талаптарына жана нормаларына жооп бере тургандай, жогорку деңгээлде өтүшү керек.

Сооронбай Жээнбеков БШК менен МККнын өз ара аракеттенишүүсүн чыңдоону жана калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан 25-августта билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан