Орусиядагы "Жаңы толкун" сынагы учурда кызуу уланууда. Кечээ, 4-сентябрда аталган сынакта өлкөнүн намысын коргоп жаткан Нурсултан Азыкбаев өнөрүн көрсөтүп, Cтингдин репертуарындагы "Shape of my heart" чыгармасын аткарган. Ушул эле күнү добуш берүүгө коюлган. Биринчи күндөгү көрүүчүлөрдүн берген добушу боюнча мекендешибиз алдынкы орунда бара жатат. Ал эми ырчынын менеджери Иззат Молтоевдин айтымында, сынактын биринчи күнүндө Нурсултан калыстардын добуш берүүсү боюнча жогорку упай алган.
"Кечээ сынактын биринчи күнү болуп өттү. Анда Нурсултан Cтингдин репертуарындагы "Shape of my heart" чыгармасын аткарды. Залдагы калыстардын бирөө гана 10 упай берген, калганы эң жогорку деп эсептелген 11 упайдан коюшкан. Ошондо биринчи күндүн жыйынтыгы боюнча Нурсултан эң жогорку упайды алды. Учурда "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү" наамына добуш берүү уланууда. Тилекке каршы, Кыргыз жериндегилер добуш бере алышпайт. Ал эми чет жерде жашаган ар бир мекендешибиз добуш бере алат", - деп билдирди И.Молтоев.
Белгилей кетсек, Нурсултан Азыкбаев 6-сентябрда Григорий Лепс менен дуэт ырдайт. 8-сентябрда катышуучулар үчүн музыкалык сынак аяктайт. Ал эми көрүүчүлөрдүн добуш берүүсү 9-сентябрда токтотулат, андан соң жыйынтыктоочу концерт уюштурулуп, жеңүүчү аныкталат.