Ички иштер министрлиги Кызыл-Кыя шаарында жеке ишкердин сабалышы боюнча комментарий берди. Мекеменин маалыматы боюнча, 24-сентябрда Ош-Кызыл-Кыя жолунун Ноокат районуна караштуу Өрнөк айылынын аймагындагы бөлүгүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери Ж.З. менен З.Маткалыков аттуу айдоочу жол талашып кетишкен. Мындан кийин аталган айдоочулар унааларын токтотушуп кайым айтышып, мушташууга чейин барышкан. Окуя болгон жерге Патрулдук милициянын ыкчам тобу барып, эки тарап тең милицияга арыз жазышкан. "Акча талап кылуу жана уурдоо фактысы боюнча тараптар ал учурда милицияга кайрылган эмес. Топтолгон материал Ноокат РИИБине берилди, териштирүү иштери жүрүп жатат", - деди ИИМ.
Эскерте кетсек, Кызыл-Кыяда жеке ишкерди УКМКнын кызматкерлери ур-токмокко алышканы тууралуу маалыматты окуя болгон күнү окурман "ЭЛДИК КАБАРга" жөнөткөн. Күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактар SUPER.KG порталына билдиришкендей, 25-сентябрга караган түнү жабырлануучу аялы менен тойдон келе жатканда бир унаа алардын жолун тосуп токтогон. "Ичинен мас абалдагы төрт адам чыгып, экөө аялын кармап турушканда, калгандары жеке ишкерди ур-токмокко алышкан. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, милицияга арыз жазган. Ошол эле түнү милиция кылмышка шектүүлөрдү кармап, экспертизадан өткөрүү үчүн ооруканага алып келген. Бул жерде УКМКнын жергиликтүү аймак боюнча башчысы "ажатканага кирем" деп терезеден секирип качууга аракет жасаганда, милиция кызматкерлери аны кармоого үлгүрүшкөн, бирок учурда ал камакта эмес. Бир-эки саат мурун аны үйүнө коё беришиптир", - дешкен булактар.