"Кызыл-Кыяда ишкерди ур-токмокко алды" делген Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аталган аймак боюнча башчысы Замир Жолболдуев кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, Кызыл-Кыядагы ишкер менен УКМК кызматкеринин мушташы боюнча кызматтык тергөө жүргүзүлөт.
Айта кетсек, Кызыл-Кыяда жеке ишкерди УКМКнын кызматкерлери ур-токмокко алышканы тууралуу маалыматты окуя болгон күнү окурман "ЭЛДИК КАБАРга" жөнөткөн. Күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактар SUPER.KG порталына билдиришкендей, 25-сентябрга караган түнү жабырлануучу аялы менен тойдон келе жатканда бир унаа алардын жолун тосуп токтогон. "Ичинен мас абалдагы төрт адам чыгып, экөө аялын кармап турушканда, калгандары жеке ишкерди ур-токмокко алышкан. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, милицияга арыз жазган. Ошол эле түнү милиция кылмышка шектүүлөрдү кармап, экспертизадан өткөрүү үчүн ооруканага алып келген. Бул жерде УКМКнын жергиликтүү аймак боюнча башчысы "ажатканага кирем" деп терезеден секирип качууга аракет жасаганда, милиция кызматкерлери аны кармоого үлгүрүшкөн, бирок ал камакта эмес. Бир нече сааттан кийин аны үйүнө коё беришиптир", - деп билдиришкен булактар.
Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча төмөнкүдөй комментарий берди: 24-сентябрда Ош-Кызыл-Кыя жолунун Ноокат районуна караштуу Өрнөк айылынын аймагындагы бөлүгүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери Замир Жолболдуев менен З.Маткалыков аттуу айдоочу жол талашып кетишкен. Мындан кийин аталган айдоочулар унааларын токтотушуп кайым айтышып, мушташууга чейин барышкан. Окуя болгон жерге Патрулдук милициянын ыкчам тобу барып, эки тарап тең милицияга арыз жазышкан. "Акча талап кылуу жана уурдоо фактысы боюнча тараптар ал учурда милицияга кайрылган эмес. Топтолгон материал Ноокат РИИБине берилди, териштирүү иштери жүрүп жатат", - деди ИИМ.