Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети 27-сентябрда "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы боюнча референдум дайындоо тууралуу" мыйзамдын долбоорун жактырды.
Мыйзам долбоору референдум дайындоо, добуш берүү жана тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн бюллетенге киргизилүүчү суроону түзүү маселесин карайт. Талкууда депутаттар Мыктыбек Абдылдаев, Чолпон Жакупова, Алмамбет Шыкмаматов коомчулукка маанилүү мыйзам долбоорлорун кароодо Жогорку Кеңештин регламентинин талаптарына ылайык, жарандык коомчулуктун катышуусунда парламенттик угуу өткөрүү зарылдыгын айтышты.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорун жактыруу жана долбоор боюнча парламенттик угуу өткөрүү чечими кабыл алынды.