Интернеттеги социалдык тармактарда 1984-жылы туулган Мехризат Торгоеванын өлүмү талкууга алынууда. Анда айрым интернет колдонуучулар Торгоеванын патриоттордун колунан каза болгонун, артында эки кызы калганын жазышты. Буга жооп катары бүгүн, 9-октябрда ИИМдин Орусиядагы өкүлү Аскат Алиев төмөндөгүлөрдү билдирди: "Окуя 3-октябрь күнү саат 02:30 чамасында Москва облусунун Люберцы шаарында болгон. Алдын ала иликтөөгө ылайык, Мехризат Торгоева бирге жашаган М.Т. аттуу жигити менен спирт ичимдигин ичип отуруп көз жумган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча маркум спирт ичимдигине ууланган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө. "Патриоттордун колунан каза болду" деген маалымат чындыкка дал келбейт".