Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалыматына караганда, 2016-жылдын июнь айынан бүгүнкү күнгө чейин Кытайга 2000 эшек экспорттолгон. Айрымдар алардын көпчүлүгү уурдалган эшектер экенин айтышууда. Мындан улам “Уурдалган эшектер кандайча "мыйзамдаштырылып", Кытайга сатылууда?” деген суроо жаралат. Себеби сатыла турган мал алыс жолго алынып баратканда милиция “уурдалган эмес”, ветеринардык инспекция “оорусу жок”, айыл өкмөтү “өзүнүкү” деген тактама берет. Бул маалым каттарсыз малды алыс жолго алып чыгууга мүмкүн эмес. Демек, эшектерди сатууда жогорудагы эреже сакталыш керек. Бирок бир катар айыл өкмөттөрү менен байланышканыбызда, “эшек сатат элем” деп эч ким маалым кат сурап кайрылбаганын айтышты.
“Айылда эшектерди союп, терисин сыйрып кеткен фактылар болууда. Бирок ушул убакка чейин “эшек сатат элем” деп эч ким кайрылган жок”, - дейт Аксы районундагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызматкери Асан Тыныбеков.
Ал эми малды өлкөдөн сыртка алып чыгууга уруксат алуу үчүн экспорттоочу Кыргыз Республикасынын башкы ветеринарына арыз менен кайрылышы керек. Арызда экспорттоочунун аты-жөнү, малдын аталышы жана саны жазылат.
Бизге жеткен маалыматка ылайык, 2000 эшекти Кытайга “Дружба Импекс” ишканасы экспорттогон. Аталган ишкана 1974-жылы туулган Кытай Эл Республикасынын Жу Бо аттуу жаранына таандык. Эшектерди өлкөдөн алып чыгып кетүүгө уруксатты Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы берген. Мындан улам "Демек, уурдалган эшектер аталган инспекция тарабынан "мыйзамдаштырылып", чет өлкөгө сатылуудабы?" деген сурообузга өлкөнүн башкы ветеринары Калысбек Жумаканов төмөнкүчө жооп берди:
"Атайын ишкана бар, эшектер алардын менчиги. Бирөө сатып алат, бирөө сатат экен. Анан мен уурдалып, уурдалбаганын билбейм да. Биз ветеринардык-санитардык норманын негизинде гана уруксат беребиз. Ал эми уурдалганы боюнча жоопкерчилик ишкананын мойнунда болот" .
Экспорттолгон эшектер тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында айтылган. Анда депутат Мирлан Бакиров “Канчалык мыйзамдуу болгон күндө да, эшектердин сатылышы өлкөгө аброй алып келбейт. Биз мамиле курган араб мамлекеттерине бул жагымсыз маалымат болуп калат” деген болчу.
Өлкөдө эшек уурдап, сот жообуна тартылгандар да бар. Нарын облустук сотунун маалыматына караганда, 4 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
2016-жылдын жаз айларында Ат-Башы районунун 1989-жылы туулган Ж.Кубанычбек жана 1992-жылы туулган М.Бакыт аттуу эки тургуну Жаңы-Күч жана Кызыл-Туу айылдарынан жалпы 11 эшек уурдашып, аларды талаадан союп, терисин сыйрып кетишкен. Сыйрылган терилердин кичинесин 1500 сомдон, чоңун 2500 сомдон сатышып, жалпы 21 500 сом пайда көрүшкөн. Жабырлануучуларга келтирилген материалдык чыгымдар тергөөнүн жүрүшүндө өндүрүлгөн. Мындан улам алар эч кандай дооматтары жок экенин айтышып, кылмыш ишин кыскартууну өтүнүшкөн.
Ишти 21-июль күнү Ат-Башы райондук соту карап, Ж.Кубанычбек менен М.Бакытты "мал уурдоо" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Мындан улам 59-берененин негизинде белгиленген жазалары жарым-жартылай кошулуп, 8 жылга шарттуу соттолуп, 2 жылга сынак мөөнөтү чектелген.
Ушундай эле уурулук фактысы 2016-жылдын башында Кочкор районунда катталган. Анда 1979-жылы туулган А.Акылбек жана 1979-жылы туулган С.Замирбек аталган райондогу Кызыл-Дөбө, Дөң-Алыш, Кара-Мойнок, Мантыш айылдарынан жалпы 7 эшек уурдашып, терилерин сыйрып кетишкен. Тергөө учурунда келтирилген материалдык чыгымдар толук төлөнүп берилгендиктен, жабырлануучу тарап эч кандай доо арызы жок экенин айтышып, кылмышты кыскартууну өтүнүшкөн. Ишти Кочкор райондук соту карап, А.Акылбек менен С.Замирбекти 6 жыл 6 айга шарттуу кескен. Ошондой эле 2 жылга сынак мөөнөтү чектелген.