Юстиция министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу Нуржан Таштанов кызматтан алынды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун 22-октябрда өкмөттүк аппараттан маалымдашты.
Таштанов 1974-жылы 19-октябрда Талас облусунун Бакай-Ата районунда туулган. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин артыкчылык менен бүтүргөн. Кесиби - юрист. Эмгек жолун 1996-1998-жылдары Юстиция министрлигинде бөлүмдүн адиси болуп иштөөдөн баштаган.
Статс-катчынын милдетин аткаруу кызматын 2014-жылдын ноябрынан бери аркалап келген.