Бүгүн эртең менен Бишкектеги өрт толук өчүрүлүп бүттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 6-ноябрда билдиришти.
"Өрт кечээ саат 16:30да чектөөгө алынган. Күйүүчү-майлоочу каражаттар күйүп жаткандыктан, аны суу менен өчүрүү кыйынга турду. Бүгүн эртең менен саат 08:25те толук өчүрүлдү. Күйүүчү-майлоочу каражаттар "Чексиз" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык болгон", - деди ӨКМнын басма сөз кызматынын өкүлү Элмира Шерипова.
Айта кетсек, өрт тууралуу маалымат 5-ноябрь күнү саат 13:03 чамасында келип түшкөн. Анда Садыгалиев көчөсү менен Л.Толстой көчөсүнүн кесилишинде пенобетон чыгаруучу заводдо өрт чыкканы айтылган. Кийин өрт кырсыгы күйүүчү-майлоочу каражаттар сакталган кампада чыкканы белгилүү болду.