Жаңы жыл жакындап калды. Бишкек шаары майрамга карата акырындык менен жасалгалана баштады. Ал эми дүйнөнүн башка шаарлары Жаңы жылга даярдыгын аяктап бүтүп калышкан. Ал шаарларда жаңы жылдык оттор, балатылар жанып, майрамга карата үйлөр жана көчөлөр түрдүү түстөгү жарыктар менен кооздолду. Төмөндө чет өлкөдөгү айрым шаарлардагы жасалгаларга күбө боло аласыздар.
Япония, Токио шаарында 270 миң светодиоддук лампадан жасалган "Көгүлтүр каньон" (фото Kazuhiro Nogi).
Орусия, Москванын борбордук бөлүгүндөгү жаңы жылдык оттор (фото Maxim Zmeyev).
Литва, Вильнюста уникалдуу балатыны жандырышты, ал 50 миң лампа менен жарыктандырылган.
Германия, Берлиндеги ботаникалык бак (фото Stefanie Loos).
Германия, Берлиндеги базар (фото Hannibal Hanschke).
Ошол эле жердеги аянтта (фото Fabrizio Bensch).
Германия, Берлиндеги Жандарменмаркт аянтындагы жарманке (фото Hanniba).
Париждеги Елисей аянтындагы жаңы жылдык оттор (фото Charles Platiau).
Ливандын түндүк жагындагы балаты (фото Jamal Saidi).
Бельгия, Брюсселдин борборундагы Гранд-плас аянтындагы жарыктык шоу (фото Yves Herman).
Гранд-пластагы жарыктандырылган аюулар (фото Yves Herman).
Ошол эле жерден дагы бир сүрөт (фото Yves Herman).
Чехия, Прагадагы Старомест аянтындагы балаты (фото David W. Cerny).