КҮНСЕРЕП: Түркия терактка кайрадан кыргыз жаранын шектеп жатат

Бүгүн, 3-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Түркиянын маалымат каражаттары жаңы жылдын түнүндө Стамбул шаарында 39 адамдын өмүрүн алган терактка шектүү Орто Азиядан, тагыраак айтканда, Өзбекстан же Кыргыз мамлекетинен чыккан жаран болушу мүмкүн деген жоромолду жазып жатышат. Бул маалымат азырынча далилдене элек. Ошентсе да мамлекеттин аброюна терс таасирин тийгизбей койбойт. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ММКларда айтылган маалыматтарды териштирүүнү өлкөнүн Стамбулдагы консулдугуна тапшырды. Көп өтпөй Ирак жана Леванттагы Ислам мамлекети (ИЛИМ) уюму бейкүнөө адамдардын өмүрүн алып кеткен кылмышты ишке ашыргандыгын жарыялап, клубдагы жарандарга автоматтан ок аткан кылмышкерди “халифаттын жоокери” атады. УКМКнын кызматкерлери бүгүн Кара-Суу районунан кылмышка шектүү жаранды кармашып, суракка алышты. Шектелген жаран Жаңы жыл түнү Кыргыз жеринде болгонун, аталган терактка эч кандай тиешеси жоктугун айтып жатат.

Расмий маалыматтарга таянсак, Сирияда согуштук аракеттерге катышып жүргөн Кыргыз мамлекетинин жарандарынын саны 600дөн ашты (2016-жыл боюнча). Булардын ичинен 70 адам аталган аймактан окко учуп каза тапкандар. Акыркы жылдары террордук чабуулдардын бутасына айланган Түркияда кыргыз жарандарынын терроризмге шектелип кармалып жатышы, кыргыз-түрк мамилесинин начарлашы, диаспоралардын кеңселеринин жабылышы аталган өлкөдө жашаган кыргыздардын абалын оорлотууда. 2016-жылдын 28-июнунда Түркиянын "Ататүрк" аэропортунда эки жардыруу болуп, Түркия тарап анда дагы кылмышка шектүүлөрдүн бири кыргыз жараны болушу мүмкүн деген жоромол айткан. Бул маалымат далилденбегенин көп өтпөй Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги ырастаган эле. 2016-жылдын июль айында Түркияда аскердик төңкөрүш жасоо аракети болуп, жүздөгөн адам каза таап, миңдеген адам камакка алынган. Бул кылмыштуу аракетке Түркия бийлиги түрк диний аалымы Фетхуллах Гүленди айыптап, Бишкектеги Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору Гүлендин Кыргыз жеринде да тарапташтары бар экенин айтып билдирүү жасаган. Башкача айтканда, Гүленге таандык делген "Себат" билим берүү мекемелеринин ишин карап чыгууга чакырык жасалган эле. Кыргыз бийлиги "Себаттын" сапаттуу билим берүү артыкчылыгын белгилеп, мекеме жабылбай турганын айтып келет. Коомчулукта ушул жагдай кыргыз-түрк мамилелерин салкындатты деген пикирдегилер жок эмес. Түркияда төңкөрүш аракетинен кийин Анкарада кыргыз диаспорасынын жабылып калышы да кыргыз-түрк алакасында маселе бар экенинен кабар берет.

Кыргыз жеринен Сирияга агылгандар боюнча абалды жакшырды деп айтуу мүмкүн эмес. Буга согуш талаасына аттанып кеткен адамдардын санынын өсүп жатышы далил, 1 жыл ичинде алардын саны 100дөн ашык адамга көбөйдү. Бул 3-4 күндө 1 кыргызстандык Сирияга кетип жатат дегендик. Жакында Жалал-Абад облусунда Сириядагы согуштук аракеттерге катышып келген адам 13 жылга эркинен ажыратылды. Ысык-Көлдөн Сирияга кеткен үй-бүлөнүн 25 мүчөсү ошол жакта каза болгону жарыяланды. Мындай фактылар агымды токтото албай жатканы көрүнүүдө. 2016-жылы орусиялык телеканалдар Кыргыз өлкөсүн "Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрүн даярдоочу жай" деп атап, эфирден кыргыздардын террордук уюмга азгырылып жатышы тууралуу сюжет кетиришкен. Анда телеканал баяндамачысы кыргыздар жакырчылык жана диний сабатсыздыктан улам Сириядагы согуштук аракеттерге азгырылып жатканын айтат. Бул окуя кыргыз коомчулугунда катуу сындалып, телеканалдар аталган материалдын темасын өзгөртүшкөн. Сириядагы кырдаал, терроризмдин күч алышы улуттук деңгээлдеги көйгөйгө айланды. Жогорку Кеңеш терроризм жана экстремизм боюнча соттолгондорду жарандыктан ажыратууга жол берген мыйзам кабыл алып, ага президент кол койгон. Мыйзамдын кабыл алынып, күчүнө киргенине жарым жылга жакындап калды, бирок мындай радикалдуу чара азырынча эч бир адамга карата колдонула элек. 15-январда күчүнө кире турган жаңы Конституцияга терроризм жана экстремизм боюнча соттолгондорду жарандыктан ажыратуу нормасы киргизилди, балким, эми иштейт...

Күтүлгөндөй эле Бишкек шаардык кеңешиндеги башкаруучу коалиция борбор калаанын башчылыгына учурдагы мэр Албек Ибраимовдун талапкерлигин сунуштады. Ал эми оппозициялык "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы шаар башчылыгына Нурдин Абдылдаевдин талапкерлигин сунуштайт. Борбордук шайлоо комиссиясы мэр шайлоону 11-январга дайындаган, талапкер шаардык кеңештеги 45 депутаттын жарымынан көбүнүн добушун алышы керек.

Башкаруучу коалиция КСДП, "Республика-Ата Журт" жана "Кыргызстан" фракцияларынан түзүлүп, 30 мандатка ээ. Андыктан мэр шайлоодо Албек Ибраимовдун ишенимдүү түрдө жеңип чыгары күтүлөт. Бул процессти Европанын же Американын өнүккөн шаарларындагы шайлоо менен салыштырууга болбойт, адатта шайлоодо талапкерлердин профессионалдуулугу, программасы же шаарды өнүктүрүү планы эмес, саясий жана жеке кызыкчылыктар жарышат. Албек Ибраимов борбор шаарды 2016-жылдын февралынан бери, ал эми КСДП 2010-жылдын 8-апрелинен бери жетектейт. Бул аралыкта Бишкек укмуш өнүгүп кетти деп айтуу мүмкүн эмес. Албек Ибраимовдун убадасы боюнча Бишкек шаарында 2016-жылдын май айынан газ менен жүрүүчү автобустар иштеп башташы керек эле, ишке ашкан жок. "Ош базарынын" тегерегиндеги баш аламан соода-сатык, унаа тыгындары, түнкүсүн жүрүү кооптуу болгон караңгы көчөлөр, аң-чуңкуру жамала элек жолдор, шаардын ар кайсы бурчунда, короолордо үйүлүп, жыйналбай жаткан таштандылар, жайга жетпей куурап, курт басып кеткен бактар, айтор, Өмүркулов, Кулматов тушундагы көйгөйлөр бүгүн деле актуалдуу. Бишкекте дарактар кулап, адамдардын өмүрүн алып кеткени боюнча мэр дарактар Алматыда, Москвада, Нью-Йоркто деле кулап жатканын айтып жооп узатты. Жыл жыйынтыгына арналган жыйында Ибраимов жасалган иштер катары тротуарларды оңдоо, отургучтарды сырдоо сыяктуу майда-барат иштерди санап өттү. Бишкектиктерге Ибраимов чарбачыл жетекчи катары таасир калтыра алган жок, анын ысымы жаңы реформаларда эмес, чуулгандуу иштерде көбүрөөк аталды. Ушул адамга шаардык кеңеш кайрадан башкаруу тизгинин карматканы турат...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан