ЖЫЛНААМА, 4-ЯНВАРЬ: 13 жыл мурун, "Роза революциясынан" кийин Михаил Саакашвили Грузиянын президенти болуп шайланган

Мындан 13 жыл мурун, 2004-жылы 4-январда "Роза революциясынын" жыйынтыгында шайлоо өтүп, Грузиянын президенти болуп Михаил Саакашвили шайланган.

2003-жылы 2-ноябрда Грузияда парламенттик шайлоо өтүп, бирок анын жыйынтыгы "Улуттук кыймыл", "Бурджанадзе-Демократтар" жана "Патиашвили-Бирдиктүүлүк" оппозициялык блокторунун нааразычылыгын жараткан. 22-ноябрда оппозициячылар колдоруна розаларды кармап, парламенттин имаратын басып алышкан. 23-январда М.Саакашвилинин "Улуттук кыймыл" партиясы жана премьер-министр Зураб Жвания, спикер Нино Бурджанадзе уюштурган каршы чыгуу акциясынын жыйынтыгында Грузияда бийлик алмашып, Эдуард Шеварднадзе отставкага кеткен.

2004-жылы 4-январда өткөн шайлоодо М.Саакашвилинин талапкерлигине 96,27 пайыз шайлоочулар добуш беришкен. Ал президенттик антын ошол жылдын 25-январында берип, 28-мартта жаңы парламенттик шайлоо өткөн. 2007-жылы 25-ноябрда отставкага кетип, кайра 2008-жылдын 20-январынан тарта 2013-жылдын 17-ноябрына чейин президент болуп турган.

М.Саакашвили 2015-жылдын 13-февралынан тарта 2016-жылдын 9-ноябрына чейин Украинанын президенти Петро Порошенконун кеңешчиси, 2015-жылдын 30-майынан баштап Украинада Одесса облусунун губернатору болуп иштеген.

4-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан